Бакытбек Жетигенов: “Кыргыз жарандарынын казинолорго кирбешине эч ким кепилдик бере албайт”

"Бюджетти толтуруунун жолдору көп. Азыркы сунушталып жаткан кумарканаларды ачуунун зарылчылыгы шылтоо болбошу керек",- деп билдирди депутат Бакытбек Жетигенов 30-декабрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде.

Мурда казино иштерин караган оюн-зоок иштери боюнча иш жүргүзгөн ассоциация болгонун, ал уюм казинолор жабылганы жатканда чырылдап, айласы кеткенин белгилейт депутат.

"Эми болсо казинолор кайра жанданат деген демилгелер коомчулуктун талкуусуна коюлуп жатканда, алар бул аракетке караманча-каршы чыгып жатышат. Буга эмне себеп? Көрсө, дал ушул максатты беттеп сырттан келип жаткан инвесторлор бар экен. Аларды жергиликтүү саналуу гана топ колдоого алып, алардын кызыкчылыгын коргоо амалын көрүп, өзүнчө монополия түзүү максатын ишке ашырууну көздөп жатышканы ачык айтылууда”,- дейт Жетигенов.

Депутат казинолор чет мамлекеттик жарандарга гана арналат дегени менен, аларга кыргыз жарандарынын кирбешине эч ким кепилдик бере албай турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан