Өлкөнүн салык тутумунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Жогорку Кеңеште өлкөнүн салык тутумунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу жана ишкерлерге жеңилдик берүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Эгерде бардык фракциялардын макулдугу болсо, үчүнчү окууда да добушка коюлмакчы.

Экономика министрлигинин берген маалыматына караганда, мыйзам долбоорунда кошумча товар жүгүртүүдөгү нарк салыгын каттоо чегин 4 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин жогорулатуу чарасы камтылган.

Андан сырткары сатуудан алынуучу салыкты эки этапта жокко чыгаруу демилгеси да сунушталууда. Кыргыз Республикасынын аймагынан БАЭБ аймагына же БАЭБ аймагынан тышкары ташып чыгарылуучу товарларды сатууда ата мекендик салык төлөөчүлөрдү мындай салыктан бошотуу алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн кыйла жогорулатат.

Сатуудан алынуучу салыкты жоюу чаралары эки этапта ишке ашырылат: 1-этап – 2016-жылдын 1-январы, 2-этап – 2017-жыл 1-январы. Ушундан улам бюджеттин киреше бөлүгү 1-этапта 1,5 миллиард сом, 2-этапта 1 миллиард сом өлчөмүндө жоготууга учурайт. Бирок анын ордун толтура турган башка бир катар алгылыктуу чаралар топтому каралууда. Ал үчүн дагы 5-6-мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү милдети турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан