Бишкектеги бала бакчаларда кыргыз тилин үйрөтүү маселеси өкмөттө талкууланды

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева мамлекеттик тил боюнча бир катар министрликтерди сынга алып, 2013-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы аксап жатканын билдирди. Өкмөттөн 31-декабрда билдиришкендей, кыргыз тилди үйрөтүүнү бала бакчадан баштоо зарылдыгы тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүн эске салды.

"Балдар бакчаларынан баштоо керек. Мектепке чейинки мекемелерде кыргыз тили окутуу тили эле эмес, тарбиялоо тили болушу зарыл. Балдардын тил үйрөнүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүү, мамлекеттик тилди үйрөтүү боюнча кошумча тарбиячыларды алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү кажет. Бул негизинен Бишкек шаарындагы бала бакчаларга тийиштүү",- деди вице-премьер.

Кудайбердиева борбор шаардагы орус тилинде билим берип, элиталык деп саналган мектептерде кыргыз класстарын ачуу маселесин да карап чыгууну сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан