Майлуу-Суу шаарынын борбордук базары аукционго коюлат

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын борбордук базарын иштетүү укугу аукционго коюлат. Базардын баштапкы баасы - 1 миллион 888 658 сом. Экономика жана өнөр жай министрлиги 31-декабрда билдиргендей, документтерди кабыл алуу 2016-жылдын 11-январында саат 16:00дө токтотулат. Аталган сумманын 10 пайызын кепилдендирилген акы катары кассага төккөн адамдар аукционго катыша алышат.

Аукцион 12-январда саат 10:00дө базардын өзүндө өтөт. Катышууну каалагандардын документтери саат 10:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Чүй кең көчөсү-106, 412-бөлмө аркылуу кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан