Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүдө мыйзамсыз кийлигишүүлөрдөн алардын укуктары менен кызыкчылыктары корголот

31-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдын долбоору 2-окууда каралды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрайымы Галина Скрипкина баяндама жасады.

Мыйзамдын максаты мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүүнүн бирдиктүү тартибин белгилөө, алардын ишине мамлекеттик органдардын мыйзамсыз кийлигишүүлөрүнөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдардын сакталышын камсыздоо болуп саналат. Жалпысынан мыйзам долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүүгө байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан