11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкердин качышынын жагдайларын иликтөө боюнча Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмасын аткаруу жөнүндө Жазаларды аткаруу кызматынын маалыматы угулду. Бул боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчисинин орун басары баяндама жасады. Анын билдиришинче, бул иш боюнча 6 кылмыш иши ачылып, 1 кылмыш иши боюнча тергөө иштери жыйынтыкталып, сотко жиберилди. Ал эми 5 кылмыш иши боюнча тергөө жүрүүдө.
Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.
Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды.