Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Жаңы жыл тосууда балдарга салюттарды эмес, китеп тартуулоо керек деп эсептейт. Муну депутат бүгүн, 31-декабрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди.
Депутаттын айтымында, Жаңы жыл тосууда салтка айланып калды деп пиротехникалык заттарды колдонуунун зарылчылыгы жок. "Бул ысырапкорчулуктун эле бир түрү. Мындай ыгы жок чыгымдарга барбай, анын ордуна балдарыбызды балдар үйлөрүнө алып барып, андагы түрдүү тагдырдын сыноосуна кабылган балдардын абалын көрсөтө турган болсок, алардын жан дүйнөсүндө кайрымдуулук менен мээримдүүлүктүн сезими жанданмак”,- дейт Нурбаев.
Депутат балдарга мазмундуу жомок китептерди белек кылса, муундан муунга өтүүчү узак мөөнөттүү белек болорун, анын тарбиялык мааниси да терең экенин кошумчалады.