Жалал-Абад облусу боюнча иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 2-январда Күрп-Сай гидроэлектростанциясынын техникалык абалы жана андагы суунун деңгээли менен таанышты. Өкмөт башчы менен маектешүү учурунда энергетиктер маалымдашкандай, гидроэлектростанция штаттык режимде иштөөсү үчүн суунун деңгээлин кармоо керек.
Учурда Токтогул суу сактагычынан келген суу төмөндө жайгашкан Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр жана Үч-Коргон ГЭСтерине агып түшөт. Бул электр энергиясын жетиштүү түрдө өндүрүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, Күрп-Сай ГЭСи – кубаттуулугу боюнча өлкөдөгү Токтогул ГЭСинен кийинки, экинчи орунда турган гидроэлектростанция.