Бүгүн, 4-январда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети Кыргыз Республикасынын тамеки тармагындагы абалын талкуулады.
Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуевдин билдиришинче, республикада тамеки өстүргөндөр, ферменттелген тамекинин көлөмү жана чылым өндүрүү азайып бара жатат. 2011-жылы тамеки эгүүнүн аянты 4,1 миң гектарды түзгөн болсо, 2015-жылы 0,9 миң гектарга аз эгилген. 2011-жылы ферменттелген тамекинин көлөмү 7,5 миң тоннаны түзсө, 2015-жылы 1,6 тоннага аз болду. Буга тамеки өндүргөн ишканалардын жабылып жаткандыгы себеп болууда. Учурда бир эле ишкана иштеп жатканы айтылды.
Ал ишкананын башкармалыгынын төрагасы Сыргак Ибраев тамеки өндүрүүчү ишканалар насыялоого, лизингге муктаж экенин билдирди. “Дыйкандарга берилип жаткан жеңилдетилген насыядан 200 миллион сом бөлүнсө, аны дыйкандарга таратып, кайра тамеки түрүндө сатып алуу менен тамеки тармагын жандандырып кетет элек”,- дейт Ибраев.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү өкмөткө тамеки тармагындагы түзүлгөн кырдаалдын себептерин иликтөө, тамеки тармагын өнүктүрүү программасын кабыл алуу, бул тармакты колдоо максатында инвесторлорду тартуу жана жетиштүү насыя берүүгө каржы булагын караштыруу маселелери боюнча тапшырма берүү чечимин кабыл алышты.