"Өлкөбүздө электр энергиясы бекер болуш керек" деген ой элибиздин психологиясына терең сиңип калган",- деди бүгүн, 5-январда радиоберүүдө премьер-министр Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, Токтогул ГЭСинде болгон авариялар капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн орун алган. "Токтогул ГЭСинде электр энергия арзан деп отуруп ушуга келдик. Убагында ишкананын амортизациялык фонду түзүлбөй, ушундай абалга келип калдык. Бул фонддо оңдоо иштерине акча топтолот. Азыр эми жогорку деңгээлде алмаштырышыбыз зарыл. Ошол үчүн ар бир багытты терең изилдейбиз. Энергетика тармагына насыялар алынган. Анын баарын кайтарып бериш керек",- деди өкмөт башчы.