10 айда банк тармагынан бюджетке 2 миллиард сомдон ашык киреше түштү

Кыргыз мамлекетинде 2015-жылы 24 коммерциялык банк, алардын 315 филиалы иш жүргүзүп, 10 айда алардын эсебинен бюджетке 2 миллиард 148 миллион 300 миң сом киреше түштү. Өкмөттөн бүгүн, 5-январда билдиришкендей, банктардын жалпы депозиттик базасы 95,1 миллиард сомду, кредиттик портфелдин көлөмү 93 миллиард сомду түздү.

"Банк тармагынын өздүк таза капиталы, эсептөө үчүн Улуттук банк тарабынан коюлган экономикалык нормативдерди колдонуу менен 2015-жылдын 31-октябрына карата 26,9 миллиард сом болду. Бул жыл башындагыга салыштырмалуу 23,3 пайызга көп",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан