Өкмөт Казакстандан электр энергиясын сатып алууну сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Казакстан менен электр энергиясын сатып алууну сүйлөшкөнүн Экономика министрлиги билдирди.

Келишим бир айга, январь айынын аягына чейин түзүлгөн. Казакстан өлкөбүзгө 100 МВтка чейин электр энергиясын сата алат, бирок Кыргыз Республикасы аны зарыл болгондо гана алууга укуктуу. Экономика министрлиги кыргыз өлкөсү бүгүнкү күнү өзүн электр энергиясы менен камсыздай аларын белгилеп кетти.

Буга чейин өкмөт башчынын кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев өкмөт Казакстан менен электр энергияны былтыркы 1 кВт саатына 5 цент болгон баа менен сатып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан. Жыйынтыгында эки тарап бааны 0,03 центке токтотушкан.

Сариев Токтогул ГЭСиндеги авариядан кийин парламентте зарылдык болсо, оңдоо иштери бүткүчө Казакстандан электр энергиясы сатылып алына турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан