Өкмөт башчы Жумгалдагы уран калдыгын сактоочу жайдын абалын көргөнү кетти

Бүгүн, 6-январда премьер-министр Темир Сариев Нарындын Жумгал районунда иш сапары менен болот. Өкмөт жетекчиси Миң-Куш айылындагы 2015-жылдын 7-декабрында орун алган жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштери жана аталган айылдагы уран калдыктарын сактоочу жайдын абалы менен таанышат.

Мындан тышкары Чаек айылындагы 2015-жылы жүргүзүлгөн жол куруу иштеринин жыйынтыктары жана 2016-жылга коюлган милдеттер боюнча көчмө жыйын өткөрөт. Райондогу социалдык мекемелердин абалы менен да таанышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан