Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-январда "Дары каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Жаныбарларга колдонулган дарыларды мамлекеттик каттоого алуу, дарылардын эффективдүүлүгүн, коопсуздугун жана экспертизалардын сапатын кароо жаатында өкмөттүн жана тийиштүү органдардын ыйгарым укуктарын аныктоо жана тактоо багытындагы мыйзамды Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 26-ноябрында кабыл алган.
Мыйзам ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын сапатын экспертизалоону "Ветеринария жөнүндө" мыйзамдын талаптарына шайкеш келтирет. Мындай чаралар жаныбарлар ылаңын алдын алуу жана дарылоо жаатында атайын каражаттарды колдонуунун натыйжалуулугун арттырмакчы. Жаныбарлардын ооруларын дарылоо үчүн колдонулуучу дары каражаттарынын сапатын, коопсуздугун экспертизадан өткөрүү укугу мамлекеттик ветеринария органына тапшырылат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.