Жакында Бишкек жана Ош шаарларында Жол-кайгуул кызматынын көчөдө турган инспекторлорунун саны азаят. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда парламент жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.
Анын айтымында, пилоттук долбоор аталган шаарлардан башталат. "Жол-кайгуул кызматынын ар бир инспекторуна тиешелүү аймак берилет. Диспетчерлер аларды кайсы жерде жол эрежесин бузуу фактысы катталса, ошол жерге жөнөтүшөт. Инспектор унаа менен ошол жерге тез жеткенге шарт түзүлөт",- деп түшүндүрдү Асанов.