Алмазбек Атамбаев кыргыз мамлекетинин жарандарын Рождество майрамы менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-январда Кыргыз Республикасынын жарандарын Рождество майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

"Кымбаттуу мекендештер!

Урматтуу мамлекетибиздин христиандары!

Сиздерди Рождество майрамы менен куттуктайм! Көптөгөн кылымдардан бери бул майрам өзүнө терең маанини - ак ниеттүүлүк жана адилеттүүлүктү камтып келет. Ал жарандардын жүрөгүн бийик сезимдерге - жакындарга болгон сүйүү жана мээримдүүлүккө бөлөйт. Православ христиандары өлкөдө тынчтык жана туруктуулуктун сакталышына бараандуу салым кошуп келишет. Өлкөбүздүн социалдык, экономикалык жана руханий өнүгүүсүнө кошкон салымыңыздарды жогору баалайбыз.

Бул майрамда сиздерге ден соолук, руханий кубат, жетишкендиктерди каалайм. Сиздердин үйдө бакыт, жыргалчылык жанып турсун".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан