Түркиянын транспорт министри Бинали Йылдырым Анкара шаарындагы маалымат жыйынынын жүрүшүндө Орусияны "эл аралык эрежелерди бузуп жатат" деп күнөөлөдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, министр түркиялык авиакомпаниялардын экипаж мүчөлөрүнүн визалары боюнча кырдаалды өзүм билемдик деп баалады. "Орусия 1-январдан тарта Түркиянын жарандары үчүн визасыз режимди токтоткон. Мындай чечим орусиялык Су-24 учагын түркиялык аскерлер атып салгандыгынан улам кабыл алынган. Кечээ Pegasus Airlines компаниясы экипаждар үчүн визалардын жоктугуна байланыштуу 13-январдан тарта Орусияга учууларды убактылуу токтоторун жарыялаган. Анын артынан Onur Air аттуу дагы бир түркиялык жеке авиакомпания 14-январдан тарта учууларды токтоторун билдирген",- деп жазышат басылмалар.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 24-ноябрында Түркия-Сирия чек арасынын жанынан орусиялык Су-24 учагы атылып түшүрүлгөн. 28-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин орусиялык учактын атылып түшүрүлүшү орус-түрк мамилелери үчүн олуттуу натыйжага алып келерин айткан. Орусия түркиялык продукцияларга санкцияларды салган жана түркиялык жарандарды Орусиянын аймагында жумушка алууда чектөөлөрдү киргизген.
КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев "Түркия Орусиянын учагын атып түшүрүү менен акыркы 25 жылдык куруп келген мамилесине доо кетирди" деген пикирин билдирген.