31-декабрда Бишкектеги Жал кичи районундагы жеке клиникалардын биринде 53 жаштагы аял үч эмди жарыкка алып келди. Үч эмди жарыкка алып келген эне балдары менен учурда клиникада болгондуктан, төрөт үйүнүн дарыгерлери маалымат берүүдөн баш тартышты. "Биз уруксаты жок маалымат бере албайбыз, кааласаңыздар эртең келип сураңыздар",- деп жооп беришти.
Айрым маалыматтарга таянсак, үч эмдин бири кыз, экөө эркек бала. Учурда эненин жана балдардын абалы жакшы экени айтылды.