Быйыл өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы белгиленет. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын экинчи ирет өткөрүү аракеттеринин колго алынып жатышы маданий-тарыхый иш-чаралардын олуттуулугун далилдейт. Мындай пикирди депутат Лунара Мамытова 6-январда "Парламент" радиосунун түз эфиринде билдирип, тарых менен маданият түбөлүктүү тема экендигин белгиледи.
"Тарыхты элге таанытууда кинотасмалардын ролу да жогору турат. Кино тармагына жетиштүү каражат бөлүнүп, тасмалар тарыхый баалуулуктарды жайылтуудагы негизги рычаг болушу керек. Ошондой эле элдин тарыхый мурастарга болгон көз карашын калыптандырууда музейлерге баруу маданиятын өстүрүп, заман талаптарына жараша жолго салуу зарыл",- дейт депутат.
Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланды.