Чүй облустук мектеп-гимназиясында окуучулар үчүн кышкы лагерь ачылды

Кечээ, 6-январда Чүй облустук мектеп-гимназиясында окуучулар үчүн кышкы лагерь ачылганы тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Лагерь Бишкектеги Корея борборунун колдоосу менен ачылды. Ачылышында аталган борбордун директору Ли Ен Хунг, Сеул улуттук университетинин студенттери, Талас облусунан чет тилдерди окуган 20дан ашык окуучу жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын адиси Кылым Сыдыкназарова катышты.

6-январдан 16-январга чейин окуучулар ар кандай курстарга, анын ичинде корей тилинин курстарына бара алышат. Ошондой эле окуучулар үчүн ар кандай оюндар жана концерттер да каралган.

"Акыркы жылдары жаштарыбыз чет өлкөдө билим алып жатышат, корей тилин окуу Корея Республикасында окуй турган окуучуларыбызга базалык негиз болот",- деди мектеп-гимназиянын директору Бүбүкан Жусупова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sportsmen.boy
2016-01-07 22:31:53
лагерь эн сонун болуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан