"Манас" аэропортунда жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы иштей баштады

Эл аралык «Манас» аэропортунун аймагында 2016-жылдын январынан тартып ИИМдин Жол-кайгуул кызматы иштей баштады. Кызматкерлер аэропорттун аймагына кирип жана чыгып жаткан унаалардын кыймылын көзөмөлдөп, тыгындын пайда болбошун камсыздашат.

6-январда аэропорттон билдиришкендей бул кадам жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү, жол кыймылындагы коопсуздукту камсыздоо, эл аралык стандартка жооп бере турган техникалык нормаларды аткаруу максатында ишке кирди. Мындан улам айдоочулар унааларын токтотууга уруксат берилген жайларга гана токтотушу керек. Жол-кайгуул кызматы 11-январга чейин айдоочуларга эскертүү берсе, андан кийин административдик мыйзамдын негизинде иштеп баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Futuro
2016-01-08 13:59:26
Биздин аеропортто да авто тыгын болобу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан