Улуу Британия Түштүк Кореяны коңшу өлкөсүнүн суутектүү бомбаны жардырганына байланыштуу сабырдуу болууга чакырды

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Филипп Хаммонд Түндүк Кореянын суутектүү бомбаны сыноодон өткөргөнүнө байланыштуу Түштүк Кореяны сабырдуу болууга чакырды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, түштүк кореялык бийлик Түндүк Корея менен чектешкен аймакта танкка каршы ракеталарды жана гаубицаларды жайгаштырды. "Мындан тышкары Түштүк Корея аскердик чабуулдардан коргой турган жаңы калкалануучу жайларды түздү",- деп жазышат басылмалар.

Эскерте кетсек, 6-январда Түндүк Корея суутектүү жарылуучу затты сыноо ийгиликтүү өткөнүн жарыялап, бир катар ири өлкөлөрдү нааразы кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан