Германиянын Кёльн шаарында 31-декабрдан 1-январга караган түнү полиция кызматына көптөгөн арыздар түшүп, анда жабырлануучулар аларды качкындар тоноп, ур-токмокко алып, айрымдары сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге туш болгонун билдиришкен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бул кылмыштарга шектелип 31 адам кармалды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары кармалгандардын аты-жөнү такталып, анын ичинен 18 адам качкын макамын алууга аракеттенип жүргөнүн шаар башкармалыгынан билдирди. Кармалгандардын басымдуу бөлүгү Марокко жана Алжирден экени айтылууда. Алар тоноо, ур-токмокко алууга барышканын мойнуна алышкан. Ал эми сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган качкындар табылган эмес.
Эске салсак, жүзгө жакын аял Жаңы жыл түнү мигранттар тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылганын айтып арыз жазган. Алардын айтымында, ошол түнү шаардын борборуна чогулган миңге чукул эркек топторго бөлүнүп, аялдарды курчап, аларды тоноп, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасашкан. Иликтөө иштеринин алкагында бир зордуктоо фактысы катталган. Күнөөлүү деп кармалгандардын ичинде качкындар да бар экени аныкталган.