Келдибековдун сотуна Текебаев жана Салянова чакырылат

Бүгүн, 11-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун соту өтүүдө.

Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу боюнча эпизод каралып жатканда Келдибеков тараптагылар кийинки жыйынга бир топ мурунку жана учурдагы депутаттарды күбө катары суракка алууну суранышты. Алардын катарында Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Хажимурат Коркмазов, Талант Мамытов, Акылбек Жапаров, Равшан Жээнбеков, Райкан Төлөгөнов бар.

Судьялар бул суранычты канааттандырышты. Андан соң кийинки соттук отурумдар 19-январь жана 21-январь күндөрү өтөрүн жарыялашты.

Эске салсак, 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул өкүм боюнча Башкы прокуратура жогорку инстанцияга кайрылары маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан