Сариев: "Ипотекалык насыя 15-январдан тарта бериле баштайт. Биринчи кезекте медиктер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер алышат"

Турак жай сатып алуу үчүн ипотекалык насыя биринчи кезекте медиктерге, мугалимдерге жана социалдык кызматкерлерге берилет. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, ипотекалык насыя берүү программасынын негизги максаты - мамлекеттик кызматта иштеген жарандарды турак жай менен камсыз кылуу. "Билим берүү, Саламаттык сактоо жана Социалдык өнүгүү министрликтери насыя алуучулардын тизмелерин бекиткенден кийин, болжол менен 15-январдан тарта ипотекалык насыялар бериле баштайт",- деди Сариев.

Мындан тышкары ал насыя алууга кандай 3 негизги талапка жооп бериш керек экенин айтып берди. "Жарандын мамлекеттик кызматта иштеген мөөнөтү 3 жылдан кем болбош керек. Анын турак жайы жок болуш керек. Ал турак жайдын баасынын 30 пайызын төлөшү кажет. Турак жайдын баасы 3 миллион сомдон ашпайт. Жыйынтыгында ал турак жайды 15 жылга алат. Ай сайын 12-15 миң сомдон төлөп турат. Бир үй-бүлөгө берилчү турак жайдын аянты 70 чарчы метр болот. Эгер үй-бүлө кааласа, аянты 30 чарчы метр батирди тандай алат",- деп түшүндүрдү өкмөт башчы.

"Ипотекалык насыяларга Бишкек, Ош шаарларында жана аймактарда турак жайлар берилет. Эсептер доллар менен эмес, сом менен гана жүргүзүлөт",- деп баса белгиледи премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан