Путин ити үчүн Ангела Меркелден кечирим сураганын айтты

2007-жылы Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Сочидеги жолугушуусунда күтүлбөгөн жерден бөлмөгө президенттин Кони аттуу лабрадору кирип келип, Меркелди чочуткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар "Меркелди 1995-жылы ит тиштеп алгандан кийин ал иттерден коркорун билип, Путин муну атайын кылды" деп жазып чыгышкан. Владимир Путин быйыл 5-январда немис гезиттеринин бирине интервью берип жатып ал кезде Меркель иттен коркорун билбегендигин жана ити үчүн кечирим сураганын айтты.

"Албетте, андай эмес. Мен бул тууралуу эч нерсе билген эмесмин. Тескерисинче, итимди көрсөткөнүм ага жагымдуу болсун дегем. Андан соң ага баарын түшүндүрүп, кечирим сурагам",- дейт президент.

Президенттин лабрадору резиденцияларда өткөн көптөгөн жолугушууларга катышкан. Кони журналисттер отурган бөлмөгө кирип, алардын берген даамдарын жеп көнүп калган. 2006-жылы өткөн конференцияда Путин журналисттерден итке эч нерсе бербөөнү өтүнгөндүгү тууралуу орусиялык ММКлар жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан