Жогорку Кеңеште БШК мандаттан ажыраткан депутаттардын маселесин кароо сунушталды

Жогорку Кеңештин 13-январдагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясы мандаттан ажыраткан депутаттардын маселесин кароо сунушталды. Депутаттар "Бул маселе 3 күндөн бери коомдо катуу талкууланып жатат. Депутаттардын аброюна шек келтиришүүдө. Эки айдан бери иштеп жаткан депутаттарды БШК өз алдынча мандаттан ажыратып жатат. Комиссиянын ичинде мындай чечимге каршылар дагы бар" деп билдиришти.

Спикер Асылбек Жээнбеков муну фракциянын ички иши деп атап, маселе мыйзам менен чечилерин айтты. Депутаттардын көбү БШКнын мүчөлөрүн парламентке чакырып, маселеге чекит коюу керектигин билдиришүүдө.

Добуш берүүдө маселени бүгүн парламентте кароо, БШКнын мүчөлөрүн чакыруу чечими кабыл алынды.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 11-январдагы жыйынында Жогорку Кеңеште "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган. Аталган депутаттар БШКнын мындай чечимине макул эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан