Биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен оорукана курулганы жатат

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын неврология бөлүмүнүн курулушуна кошумча 15 миллион сом бөлүндү. Акчаны котортууга парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков көмөк көрсөткөнүн оорукананын жетекчиси Муратбек Атбаев билдирди. Аталган сумма 31-декабрда которулду, анын ичинен 8 миллион сомго чукулу курулушка кетсе, калганы ооруканага инвентарларды сатып алуу үчүн тендерге жумшалмакчы.

Бул оорукана эгемендүүлүктү алган Кыргыз Республикасынын тарыхында республикалык бюджеттен салынып жаткан алгачкы оорукана. 70 орундуу, 2 кабаттуу оорукананын курулушу 2012-жылы декабрда башталган. Жалпы бюджети 62 миллион сом. Буга чейинки неврология бөлүмүнүн курулушу өткөн кылымдын 50-60-жылдарына туш келип, жыгачтан салынганы, учурда авариялык абалда экени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан