Кызыкчылыктардын кагылышын мыйзам аркылуу жөнгө салуу демилгеленүүдө

Парламентте бүгүн, 13-январда “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өкмөттүн маалыматына таянсак, мыйзам долбоору кызыкчылыктар кагылышын жөнгө салуу институтун өркүндөтүүгө, анда кызмат адамдарын коррупцияга түрткөн кырдаалдардын санын азайтууга, административдик реформаларды улантууга багытталган. Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова мыйзам долбоорунун негизги жаңылыгы коомдо пайда болгон кызыкчылыктардын кагылышы жана коррупциялык көрүнүштөрдүн жыйынтыктары менен күрөшүү эмес, алардын алдын алууга багытталгандыгы экенин айтууда.

Мыйзамдын таасири саясий, административдик жана атайын кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматкерлерге тиймекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан