Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Канат Азиздин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурун токтотулду. Мындай чечим бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды. Буга чейин Канат Азиздин кызматынан кетүүгө өз каалоосу менен арыз жазганы айтылган. Анын ыйгарым укуктарын токтотууга парламенттин 65 депутаты макулдук берди.
Эскерте кетсек, К.Азиз аталган кызматты "Ата Мекен" партиясынын квотасы менен аркалап келген.