Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин депутаттары алардын мурунку кесиптештери Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча маалымат алуудан баш тартышты. Бул маселени эртеңкиге калтырууга 63 депутат "макул", 28 депутат "каршы" добуш беришти.
Башында БШКнын мүчөсү Гүлнар Журабаева депутаттардын астына чыгып, аталган маселе боюнча жеке пикирин айтайын деген. Бирок парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков андан жеке пикирин эмес, расмий маалыматты берүүнү талап кылды. Журабаева мындай маалыматка ээ эмес экенин билдиргенде, төрага бул маселени эртеңкиге калтыруу боюнча добуш берүүнү өткөрдү.
Эскерте кетсек, эки күн мурун, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңеште "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган. Аталган депутаттар БШКнын мындай чечимине нааразы болуп, комиссиянын имаратында чуу чыгарышкан.