Статистика комитети: 2015-жылы тышкы сооданын көлөмү 23,7 пайызга азайды

2015-жылдын январь-декабрь айларынын аралыгында тышкы сооданын көлөмү 2014-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 23,7 пайызга азайды. Анын ичинен экспорт 10,7 пайызга, импорт 27,4 пайызга азайды.

Статистика комитетинен кабарлашкандай, экспорттун көлөмү КМШ өлкөлөрү боюнча товарларды жеткирүүлөрдүн кыскарышынан улам төмөндөп кеткен.

Экспорттун көлөмүнүн кыскарышы кийим жана кийимге тиешелүү каражаттардын 2,2 эсеге, мунайзаттын 1,7 эсеге, мөмө-жемиш жана жашылчалардын 34,8 пайызга, чылымдын 27,8 пайызга аз түшкөнү менен шартталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан