Тамактан уулангандар ооруканадан чыгарыла баштады

Кочкор жана Тогуз-Торо райондорунан тамактан ууланып, ботулизмге чалдыккандар республиканын саламаттыкты сактоо мекемелеринде дарыланууну улантышууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына аталган райондордон кайрылган 14 бейтаптын экөөсүнүн ден соолугу жакшырып, 11-январда ооруканадан чыгарылышты. Азырынча 2 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган бойдон калууда. Жалпы жонунан бейтаптардын ден соолугунда жылыш бар.

Ушул жылдын 9-январында Кочкордун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө дагы бир адам жаткырылды. Дарыгерлер тарабынан текшерилип, тиешелүү дарылоого алынды. Кочкордун аймактык ооруканасында 5 адам жатат.

Нарын облустук ооруканасында да 5 бейтап жатат. 12-январга чейин жандандыруу бөлүмүндө үчөө жаткан, биринин абалы жакшырып, жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулду. Бүгүнкү күндө ошону менен жандандыруу бөлүмүндө 2, жалпы бөлүмдө 3 бейтап жатат. Баарынын абалынын жакшыруусу байкалууда.

Акыркы күндөрү жугуштуу оорулар жана курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясы менен ооругандар көп болгондуктан, дарыгерлердин саны көбөйтүлүп, ооруканалар күчөтүлгөн тартипте иштешүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aidai88
2016-01-14 12:21:57
Оорулу ар бир жанга кудайым шыпаа,сабыр канаат берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан