Жалпы республикалык тестирлөө менен ЖОЖго өтүүчү 110 баллдык чекти аймактар үчүн азайтуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин 14-январдагы жыйынында депутат Мирлан Бакиров билим берүү деңгээлине жараша жалпы республикалык тестирлөө аркылуу жогорку окуу жайларына өтүүдөгү 110 баллдык чекти аймактар үчүн төмөндөтүү керектигин белгиледи. Бишкек жана Ош шаарларына аталган норманы калтырса болору айтылды. Ал эми депутат Бакыт Төрөбаев агрардык тармакта адистерди жетиштүү даярдоо үчүн агрардык окуу жайга абитуриенттерди кабыл алууда 110 баллдык чекти түшүрүү зарылдыгына токтолуп, бул боюнча окуу жайдын демилгесин колдоо керектигин айтты.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө жалпы республикалык тестирлөө системи менен 110 баллдан жогору балл алган окуучу ЖОЖго өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан