Бүгүн, 14-январда Ош облустук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгында кызмат өтөп жаткан учурда каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө гуманитардык жардамдар көрсөтүлдү. Иш-чара Кувейт мамлекетинин кыргыз өлкөсүндөгү “Ас-Салам” кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулду.
Анын жүрүшүндө кызмат өтөө учурунда каза болгон 60 милиция кызматкеринин үй-бүлөлөрүнө ун, май, кумшекер, чай, макарондор тапшырылды.
“Мамлекетибиздин коопсуздугун сактап, өз мекени үчүн ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөп жүрүп курман болгон эр-азаматтарыбыз менен сыймыктанабыз. Ушундай эр-азаматтарыбыз бар үчүн жаркын жашоодо жашап жатабыз. Биздин фонд алардын үй-бүлөсүнө камкор болуп, жардам көрсөтүүгө дайыма даяр. Көзү өтүп кеткен милиция кызматкерлеринин жаны жаннатта болсун”- деди фонддун жетекчиси Нурмухамед Миңбаев.