Президент УКМКнын кызматкерлерине үй тапшырды

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн курулган көп кабаттуу үйдүн ачылышына катышты.

Президент өлкөнү коргоп, жарандардын коопсуздугун камсыз кылгандарга мамлекет мындан ары да колдоо көрсөтүү, чекисттер, аскер, милиция кызматкерлери, чек арачылар жана куткаруучуларга үй куруу иши улантыларын айтты. УКМК кызматкерлеринин ишинин жоопкерчиликтүүлүгү белгиленип, чекисттер мамлекеттин коопсуздугун коргоого мындан ары да күчүн жумшай турганы айтылды.

Бишкекте былтыр сентябрда да УКМКнын бир катар кызматкерлерине көп кабаттуу үйдөн батирлер берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан