Энергетикалык эксперт Токтогул ГЭСиндеги аварияга адамдык фактор себеп болгонун айтууда

Токтогул ГЭСинде 2015-жылдын 28-декабрында болгон аварияга "Электр станциялары" ишканасынын жетекчилиги күнөөлүү. Мындай пикирди бүгүн, 14-январда энергетикалык серепчи Расул Умбеталиев SUPER.KG порталына билдирди.

Эксперт ГЭСтин трансформаторлору менен ачык бөлүштүрүүчү жабдууну бириктирген жогорку чыңалуудагы кабелди алмаштыруу үчүн 3 барабан 500 киловольттук кабель Кара-Көл шаарында 10 жылдан бери сакталып турганын, эгерде тийиштүү ишкана кабелди өз убагында алмаштырганда ГЭСте авария болмок эместигин айтууда.

"Эгерде кабелди алмаштырууга техникалык жана каржылык мүмкүнчүлүк болбосо, резервдеги кабелдик линияны пайдалануу керек эле. "ГЭСтеги аварияга адамдык фактордун таптакыр тиешеси жок" деп өкмөт башчынын кеңешчиси Кубанычбек Турдубаевдин айткан сөзү таң калтырууда. "Электр станциялары" ишканасынын кызматкерлери курамына кирген комиссия сөзсүз ушундай жыйынтык чыгармак. Анткени өкмөт башында эле авария эмне себептен болгонун жарыялап койгон. Мындай чечим энергетикалык компанияларга бардык аварияларды акчанын тартыштыгына жана жабдуулардын эскиришине шылтап коюуга шарт түзүп берүүдө",- дейт Умбеталиев.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын аягында Токтогул ГЭСинде эки жолу авария болгон. Учурда адистер оңдоо иштерин жүргүзүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан