Талас облусунун тургундарына 2016-жылы төө буурчактын ордуна кант кызылчасын өстүрүү сунушталууда. Бул тууралуу парламенттин 14-январдагы жыйынында айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев билдирип, дыйкандар менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты.
"Төө буурчакты сатып алуу боюнча азырынча мамлекеттик буюртма жок. Түркиядагы элчибиз менен сүйлөштүм, жакында атайын делегация Түркияга барып, төө буурчак сатып алуунун шарттары боюнча фирмалар менен сүйлөшүү жүргүзүп келет. Азырынча баасы канча болорун болжолдуу түрдө айта албайм. Ал эми кант кызылчасы боюнча "Кайыңды кант" заводу менен сүйлөштүк. Чүй облусунда былтыр 5300 гектар жерге кант кызылчасы айдалса, быйыл аны 10 000 гектарга жеткирели деп жатабыз. Ташып келүү боюнча "Кыргыз темир жолу" ишканасы менен сүйлөшүү жүрүүдө",- деди министр.