"Кандын жана анын компоненттеринин донорлугун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга өкмөт укуктуу",- деп билдирди Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев 14-январда “Парламент” радиосунун түз эфиринде.
Карабаев мурда “Ардактуу донор” деген өкүлдөрдүн саны 17 миңден ашык болсо, миграциянын таасиринен улам бүгүн алардын 3850сү гана калганын айтат.
"Буга донорлорго болгон стимулдун азайып жатышы да себеп. Ошондуктан кан тапшыруучулардын 75 пайызын пациенттердин жакын туугандары түзсө, калган 25 пайызы атайын кан тапшырып турган донорлор. Донор болгон киши 2 айда бир жолу кан тапшырып турат. Алардын жаш өзгөчөлүгү 18 жаштан 60 жашка чейин деп мыйзамда көрсөтүлгөн. Эгерде чет элдик жарандар кыргыз мамлекетинде кан тапшыргысы келсе, алар өлкөдөн сыртка чыкпай 6 ай туруктуу бир жерде жашашы шарт",- дейт Карабаев.
Канды 10 жылга чейин сактаса болору, бирок учурда тийиштүү стандарттар болбогондуктан, канды 35 күн гана сакталары айтылды.