Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев бүгүн, 14-январда өкмөттүн атынан Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга автоунаа тапшырды. "Инспекциянын ишинин көп тармактуулугун жана татаалдыгын эске алып, кызматкерлердин ишин жеңилдетүү жана эффективдүүлүктү жогорулатуу максатында өкмөт 34 автоунаа берип жатат",- деп билдирди Карашев. Берилген автоунаалардын үлгүсү - Нива.
Мекеменин башчысы Канатбек Муратбеков берилген жардам инспекциянын ишине оң таасирин тийгизерин белгилеп: "Автоунаалар буга чейин унаасы болбогон аймактык башкармалыктарга жиберилет",- деди.