Кыргыз мамлекетинде иш берүүчүнүн күнөөсүнөн кызматтык милдетин аткаруу учурунда майып болуусунан же ден соолугунун бузулушунан жумушчуга келтирилген зыянды төлөөнүн суммасы индексацияланат. Тийиштүү мыйзам долбоору парламенттин 14-январдагы жыйынында талкууланды.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, мыйзам долбоорунун максаты - керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баа өскөн учурда жумушчуга иш берүүчүнүн күнөөсүнөн майып болгондорду социалдык жактан коргоо жана алардын сатып алуу жөндөмдүүлүктөрүн колдоого алуу, калктын социалдык кызыкчылыгын коргоо.
Жабыркаган адам мамлекеттик кызматкер болсо, республикалык бюджеттен, муниципалдык кызматкер болсо, жергиликтүү бюджеттен, жеке ишкананын кызматкери болсо, ошол ишканадан каражат төлөнөрү белгилүү болду. Депутаттар долбоордун каржы булактары, долбоорго канча каражат керектиги так көрсөтүлбөгөнүн белгилешип, демилгени 1-окууда добуш берүүгө жиберишти.