Түрмөдөн чыккан адамдарды социалдык жактан реабилитациялап, коомго калыптандыруу аракети көрүлүүдө

Түрмөдөн чыккан адамдарды социалдык жактан реабилитациялап, коомго калыптандыруу аракети көрүлүүдө. Тийиштүү мыйзам 14-январда Жогорку Кеңештин жыйынында 1-окууда каралды.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан эркинен ажыратылган жайлардан бошонгон адамдарды каттоону жана социалдык тейлөөнү жөнгө салуу максатында иштелип чыкты. Мындан тышкары долбоор мекемелерден жазасын өтөп, бошоп чыккан адамдарды социалдык жактан реабилитациялап, коомго калыптандырууга багытталган.

Талкууда депутаттар мындай жарандарга көмөк көрсөтүү боюнча өкмөттүн токтому чыкса жетиштүү болорун белгилешип, жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан