Өлкөдө 469 000 жеке жана юридикалык жак камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт

Жогорку Кеңештин 14-январдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга толуктоо киргизилгени жатат.

Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү 469 миң жак бар. Алардын катарында ири ишканалар, жеке ишкердик менен алектенгендер, айыл жериндегилер бар. Отчёттуулук мезгилинде алардын эсебинде каражаттар табылган болсо, аларды ишкана өкүлдөрү тактап, актыга кол коюп беришет. Ошол учурда камсыздандыруу төгүмдөрү жана каржылык санкциялар боюнча төлөм кардарга тиешелүү эсептен чыгаруу ыкмасы сунушталууда.

Тармактык комитеттин документти четке кагуу корутундусунун негизинде мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан