Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын ортосунда кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлду. Маалыматка таянсак, келишимде айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрүн 2016-жылы күйүүчү-майлоочу май менен керектүү өлчөмдө камсыз кылуу шарттары каралган. Ага ылайык, министрлик ассоциацияга 2016-жылы күйүүчү-майлоочу май канча керектеле тургандыгы тууралуу өз убагында маалымат берүүгө милдеттендирилди. Ал эми ассоциация болсо өзүнүн курамына кирген компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, дыйкандарды бензин, солярка менен камсыздоо жолдорун издейт.
Жазгы талаа иштери үчүн республика боюнча 96 464 тонна дизель майы, 25 074 тонна бензин керек. Аймактар боюнча керектелүүчү күйүүчү майлардын өлчөмү:
Жалал-Абад облусу - бензин 3822 тонна, 13 766 тонна;
Баткен облусу - бензин 1530 тонна, 5418 тонна;
Ысык-Көл облусу - бензин 3145 тонна, 12 418 тонна;
Нарын облусу - бензин 1559 тонна, 4754 тонна;
Ош облусу - бензин 3936 тонна, 13 420 тонна;
Талас облусу - бензин 1850 тонна, 8833 тонна;
Чүй облусу - бензин 9232 тонна, 32 819 тонна.