24-мартта Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бий спорту боюнча Өлкө чемпиондугу өтөт. Мындай билдирүүнү, КРнын Бий спорту федерациясы маалымдады. Айтылгандай, мелдешке 1994-2004-жылдары төрөлгөн 20дан ашык спортчу катышмакчы. Жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар ыйгарылат.