Бишкектеги "Манас" Эл аралык аэропорту тумандан улам учактарды кабыл алууну токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда аэропорттун маалымат кызматы кабарлады. Учактардын учушуна уруксат берилип, кабыл алуу убактылуу токтоп турат. Ош шаарынын аэропортунда учактар кабыл алынууда. Туман тараса, учактар Бишкекке да коно баштай турганы айтылды.