Жогорку Кеңештин делегациясы иш сапары менен Сауд Арабияга барат

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган парламенттик делегация Сауд Арабиянын Аш-Шура Мажлисинин төрагасы Абдаллах бин Мухаммад бин Ибрахим аль Аш-шейхтин чакыруусу менен 17-21-январда аталган өлкөдө иш сапары менен болот.

ЖКнын маалымат кызматына таянсак, спикер Сауд Арабиянын жогорку жетекчилиги жана бир катар эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугушууларды өткөрөт.

Парламенттик делегациянын курамына депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Канатбек Исаев, Мыктыбек Абдылдаев, Сайдулла Нышанов, Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин аппаратынын Эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков, муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана башкалар кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан