Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 16-январда Улуттук гвардияга караштуу 708-аскер бөлүгүнүн абалы менен таанышты. Өкмөт жетекчиси мамлекеттин бүтүндүгү жана элдин тынчтыгы жоокерлердин күжүрмөн даярдыгына байланыштуу экенин белгиледи. "Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жаткан жоокерлерге мекенди коргоо боюнча ыйык милдет тагылган. Мекендин бүтүндүгүн жана тынчтыгын сактоодогу негизги ишеним силерде. Бул милдетти ак ниеттүүлүк жана татыктуулук менен аткарат деп ишенем”,- деди Сариев.
Учурдагы дүйнөлүк абал, коопсуздук маселелери курчуп турганда жоокерлердин күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу зарылдыгы айтылды. Улуттук гвардиянын аскердик-техникалык базасын чыңдоо жана учурдагы көйгөйлөрүн чечүү боюнча жыйын өттү.