Кыргыз жана казак өлкөлөрү ортосунда Өзгөчө кырдаалдар жана табият кырсыктарынын тобокелчилигин азайтуу борбору ачылууда

2016-жылдын 16-январында Алматы шаарында Кыргыз Республикасынын жана Казак Республикасынын өкмөттөрүнүн келишиминин негизинде түзүлгөн Өзгөчө кырдаалдар жана табият кырсыктарынын тобокелчилигин азайтуу борборунун алгачкы отуруму болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Отурумдун жүрүшүндө борбордун кеңешинин чечими менен борбордун структурасы, ошондой эле директордун жана орун басарынын кызмат ордуна талапкерлер макулдашылды. Борбордун кеңешинин чечимине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Боронов жана Казакстан Республикасынын Ички иштер министри генерал-полковник Калмуханбет Касымов тарабынан кол коюлду.

Өзгөчө кырдаалдар жана табият кырсыктарынын тобокелчилигин азайтуу борбору өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана эскертүү тармагында кызматташууну өнүктүрүү үчүн, өзгөчө кырдаалдарга өз убагында биргеликте чара көрүү максатында түзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан