Жогорку Кеңеште 20-январда Кыргыз Республикасы-Индия өкмөттөрүнүн ортосундагы аскердик кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жиберилди.
Келишимге ылайык, өлкөлөр ортосунда төмөнкү багыттар боюнча кызматташууга шарт түзүлөт:
- материалдык каражаттарды жана кызматтарды берүү, аскердик техника жана комплекттөөчү запастык бөлүктөр боюнча аскердик-техникалык кызматташтык;
- өз ара кызыкчылыктын ар кандай тармактарындагы мамлекеттик мекемелер ортосундагы кызматташтык, технологиялар менен техникалык жардам берүү, биргелешкен өндүрүштү үчүнчү мамлекеттерге экспорттоо, коргоо өндүрүшү;
- маалымат алмашуу, окутуу, өкүлдөрдү жана биргелешкен долбоорлорду алмашуу жолу менен аскердик илим жана технология.